Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев өз пикирин билдирди.
Сариведин пикиринде, Атамбаевдин келбей коюшу өлкөдөгү саясий элита үчүн пайдалуу.
“Атамбаев кайра Кыргыз жергесине келбесе, көбүнчө биздин элита макул болот, көз карашы жакшы болот. Акаев, Бакиевкелбей койгондо деле биздин саясий элита аларды алып келүүгө көп кызыкдар болгон эмес. Себеби алар деген көп маалыматты билет, азыркы элита менен байланышы бар. Аларды ошол жакта калганы, ызы-чуу чыкпаганы көбүнчө азыркы бийликте тургандарга жакшы. Мына, Илмияновдукамады, кантип Атамбаев унчукпай коёт? Атамбаев келбей койсо өлкө тынчып калат, өлкөнүн ичинде чыңалуу башталбайт. Бардыгынын кызыкчылыгы анын келбей коюшунда болуп жатат.
Экинчи вариант бар. Орусия кепилдик берип, атайын сценарий менен өлкө тазаланат. Мисалы, Атамбаев Жээнбековдун колу менен Пашиняндай кылса, анда ал тарыхта калат. Бирок анда биздин 80 пайыз элита талкаланат.
Атамбаев Акаев же Бакиевдей жашырынып калгысы келбейт, андай киши эмес. Атамбаев тарыхта калгысы келет. "Мен баарын тазалайм" деп айтканындай, Орусиянын колдоосу менен тобокелге барса, эл Атамбаевди колдойт. Анда өзүнүн жанындагы Албек Ибраимов, Икрам Илмиянов дегендерден баш тартыш керек. Экинчи вариант ушул, Орусиянын колдоосу менен Атамбаев Жээнбеков экөө биригип өлкөдөгү кландарды тазалашат”, - деди Сариев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.