Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун пикири төмөндөгүдөй болду.
Ал мындай маселени божомолдоп айтуу мүмкүн эмес дейт.
"Кимдин оюнда эмне бар экенин айтуу кыйын. Ал Атамбаев болобу, башка болобу аны убакыт көрсөтөт. Келсе келет, келбесе дагы көрөбүз да. "Атамбаев келбей коёт" деген сөздү атайын чыгарып жаткандар болушу мүмкүн. Бирок божомолдоп эле айта берген болбойт го. Эгер кылмыш иши козголуп, күнөөсү далилденсе, ар бир адам жазасын алышы керек”, - деди Өмүркулов.
Жогорку Кеңештин Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов, саясат таануучу Марс Сариев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.