Депутат Тазабек Икрамов: "Эгер ЖЭБ боюнча кармалгандар көрсөтмөсүндө Атамбаев тууралуу айтса, ал качып кетпей жооп бергени жакшы болот эле"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.

Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пикири төмөндөгүдөй болду.

Анын айтымында, азыр Атамбаевдин кол тийбестиги бар.

"Келбей коёт, качып кетет" дегенден чындыгында алысмын. Бирок ЖЭБ боюнча берген көрсөтмөлөрдөн кийин Атамбаевге жардамчы болуп, президенттик аппаратта башчы болуп турган эң жакын адамдары камалып жатат. Бул чоң бир белги десек болот. Бул иштер боюнча экс-президенттин аты чыгабы же жокпу, убакыт көрсөтөт. "Атамбаев качып кетти" деп социалдык тармактарга жазып жаткандан саясий максат көргөн жокмун. Бул адамдардын жеке пикири. Бир учурда Атамбаев менен келише албай калгандар мындай маалыматты таратып жаткандыр. Мамлекет жактан же башка тараптан пиарды байкай элекмин. Эгер кармалгандар көрсөтмөсүндө ал тууралуу айтса, качып кетпей жооп бергени жакшы болот эле”, - дейт Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Иса Өмүркулов, саясат таануучу Марс Сариев, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан