Бүгүн акыйкатчы парламентте отчёт берет (баяндамалардын тизмеси)

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Токон Мамытов жетектеген институтунун 2016-жылдан бери аткарган иштери боюнча отчёт берет.

Жыйындын күн тартибине ылайык, акыйкатчы төмөнкү маселелер боюнча баяндамаларды жасайт:

1) Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо;

2) Республикалык психиатриалык оорукандагы адамдардын укуктары;

3) Аялдардын репродуктивдүү укуктарын сактоо;

4) Кыргыз Республикасында аялдардын жана балдардын эмгек укуктарын сактоо: мониторингдин натыйжалары;

5) Жарандарды аскер кызматына чакыруу учурунда адамдын укуктарын сактоо;

6) Бишкек шаарынын жаңы конуштары: жетиштүү турак жайга укук жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар;

7) Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр;

8) Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын укуктарын сактоо;

9) Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук (сот адилеттигин ишке ашыруу: мыйзамдар жана практика.

Кечээ, 23-октябрда акыйкатчынын отчётун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети угуп эске алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан