Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамына чейин Ысык-Көл облусундагы Пристань-Пржевальский шаарчасында жайгашкан Кусейин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексин куруу иштери бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Эмил Каптагаев комплекс менен таанышуу учурунда белгиледи. Учурда музейди куруу иштери уланууда, бүгүнкү күндө жалпы иштин 70 пайызы бүттү. Облус башчы тийиштүү кызматкерлерге музейди тезинен бүтүрүп, Эгемендүүлүк майрамында анын салтанаттуу ачылышын өткөрүү тапшырмасын берди. Эске салсак, аталган музейдин курулуш иштери 2012-жылы май айында башталган. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан жана шаардык мэриядан жалпы суммасы 5 миллион 800 миң сом каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, 1998-жылы Пржевальский музей-мемориалдык комплексинде белгилүү мамлекеттик ишмер, профессор Кусейин Карасаевдин сөөгү жерге берилген.