Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова медалга илинбей калды

Кечээ, 23-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасында мелдештер орун алды. Анда килем үстүнө Кыргыз өлкөсүнөн Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы чыккан.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште 1 мүнөт 31 секунддун ичинде венгриялык Ванесса Уилсонду жеңип алган. Жарым чейрек финалда кыргыз балбаны италиялык Далма Канева менен кездешип, беттештин жыйынтыгында 5:6 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди. Италиялык балбан чейрек финалда жеңилип калып, Мээрим Жуманазарова көңүл жубатуучу раундда күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган жок.

Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, 1/16 финалда кытайлык Палиха Палиха менен беттешкен. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы алгачкы болуп 1 упайга ээ болуп, андан соң кыймыл жасабай 2 упай атаандашына ыйгарылып калды. Мындан улам Айпери Медет кызы упай алганга жетишпей калып, 1:2 эсеби менен кытайлык балбан жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбандар кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда медалдарга илинбей калды.

Айта кетсек, 2017-жылы Дүйнө чемпиондугу Франциянын Париж шаарында өтүп, анда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова коло медалдын ээси болгон. Ал эми Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова былтыр жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Айпери Медет кызы алтын медалдын ээси болсо, Мээрим Жуманазарова коло медалды тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан