Баткенде жердин 3 метр тереңдигинен кылмыштуу топко тиешелүү унаа табылды

Баткен облусунда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында колунда бар адамдарды курал колдонуп тоноп жүргөн "Ганимат" аталышындагы терроризмге байланышы бар топтун мүчөлөрү аныкталды. Бул топ Сирия жана Ирактын согуштук аймактарында согушуп жүргөндөрдү материалдык жана техникалык жактан камсыздоо максатында тоноо иштерин жасап жүрүшкөн. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Көмүскө топтун лидерлери узак убакыттан бери акчалай каражатты согуштук аймактарга жөнөтүү үчүн маалымат топтоп, ошондой эле курал колдонуп тоноочулук кылышкан. Мындан соң кылмыштын изин жашыруу максатында тоноо кылмышына далил болуп кала турган унааны адам барбаган жайга алып барып көмүшкөн", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Унааны 23-октябрда УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунун аймагынан 3 метр тереңдикке көмүлгөн жеринен табышкан. Бул унаа 2015-жылдын апрель айында кылмыштуу топтун тоноо ишин жүргүзүү үчүн колдонулган транспорту болгон.

"Унаага байланышкан кылмыш иши мурда катталып, бирок убактылуу токтотулуп калган. Анда белгисиз адамдар Ош шаарынын тургунуна кол салып, 1 миллион 300 миң долларын алып кетишкен. Бул окуя 2015-жылы катталган. УКМК жана ИИМ биргелешкен ыкчам иликтөө тобун түзүп, бул иш боюнча иш алып барууда. Бул кылмышка тиешеси бар адамдар изделип жатат", - деп билдирет УКМКнын маалымат катчылыгы.

Баткенде кылмыштуу топко тиешелүү унаа көмүлгөн жерден табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zzz---zzz
2018-10-24 19:38:18
Казып албай жөн эле койбойт дагы, кайсы бир жылдардан кийин аукцион аркылуу чоң суммага сатмак.
-3
monster_high_98
2018-10-25 09:09:15
Жок,ошондо силер кайдан билдинер,бул жерде бир нерсе комулуп турганын?
+1
demo009
2018-10-25 10:49:17
Бир миллион доллар дейт
-2
KAYRATBEK
2018-10-25 11:01:36
Маалыматты толлук бергенди качан уйроносунор? Эптеп эле жазмай.
-2
batleybesh
2018-10-25 20:32:10
Бул жагы миф эмеспи, че то кумон жаратып атат да, кантип билип калдынар экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан