"Порту" футболдук клубунун дарбазачысы Икер Касильяс өзүнүн интернеттеги баракчасына "Кызыл аянттан" түшкөн сүрөтүн киргизген.
Спортчу ал сүрөтүнө: "Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатканда телевидениеде убактылуу иштеп жаткам. Ошол жумуштан кийин бул кооз шаарды көрүү үчүн жана Чемпиондор Лигасында "Локомотив" футболдук клубуна каршы ойноо үчүн келдим" деген билдирүүсүн жазган. Ошону менен бирге эле ал ташкенттик "Локомотивдин" баракчасын белгилеп койгон.
Орусиялык футбол клубунун маалымат кызматы муну байкап сүрөттүн алдына "Сизди Москвадан көрүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бирок биздин расмий баракчабыз бул жакта" деген билдирүү жазып кетишкен.
Өз кезегинде өзбекстандык клуб дагы четте калбастан "Икер сени палоо күтүп жатат. Палоо борщко караганда жакшы, а биздин команда күчтүүрөөк" деген комментарий жазышкан.
Айта кетсек, "Локомотив" жана "Порту" футболдук клубдарынын беттеши 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү орун алат.