Бүгүн, 9-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБи билдирди. Айта кетсек, эртең менен ичинде ИИМдин академиясынын 20 курсанты бар кичи автобус кырсыкка учурап, 3 курсант көз жумган болчу. Кырсыкка кичи автобуска каршылаш тараптан келе жаткан Москвич унаасынын дөңгөлөгү чыгып кеткени себеп болгондугу айтылууда. Курсанттар "Ала-Тоо" полигонуна машыгууга бара жатышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.