Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда козголгон кылмыш иштери боюнча протоколдор каралып, айыпталуучу Нариман Түлеевдин суранычы менен 4-томдун айрым беттери кайрадан окулду. Анда Бишкек шаарына Данияр Үсөнов мэр болуп турган кезинде берилген буйруктар жазылган. Ошондой эле экс-мэрдин адвокаты Татьяна Чиникина товарларды жеткирүү боюнча документти кайра карап, окуп чыгууну мамлекеттик айыптоочулардан суранды.