Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдеш башталып, анда 3 кыргыз спортчу алгачкы беттештерин өткөрөт

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча алгачкы беттештер орун алат. Анда балбандар 4 салмак ченинде күрөшөт.

Бул күнү килем үстүнө Кыргыз өлкөсүнөн Жоламан Шаршенбеков, Урмат Аматов жана Атабек Азисбеков чыгып, балбандарыбыз жарым чейрек финалдык баскычтан күрөшүп башташат.

Жоламан Шаршенбеков 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда түштүк кореялык Хи Донг Сон менен кез келет.

Урмат Аматов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда сербиялык Тамас Над менен кездешет.

Атабек Азисбеков 82 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда өзбекстандык Нурбек Хашимбеков менен кытайлык Жунжи Нанын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан