Мындан 2 жыл мурун, 2016-жылдын 25-октябрында жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 08:50дө Түркиянын Анталия шаарында жардыруу болгон. Маалыматка караганда, жардыруу соода-өнөр жай палатасынын унаа токтотуучу жайында болгон. Шаар мэри Мендерес Тюрелдин айтымында, жабыркагандардын саны 12ге жеткен.
Мендерес Тюрел жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде: “Жардыруу унаа токтотуучу жайда болгон. Кырсыктын кесепетинен кээ бир имараттардын жана унаалардын айнектери сынган. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар бар”, - деп билдирген.
25-октябрдын жылнаамасы.