25-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын 3-туру жыйынтыкталды. Анда оюн талаасында 4 тайпадагы 16 команданын беттеши орун алды.
Бул түнү испаниялык "Атлетико" ири эсепте германиялык "Боруссиядан" жеңилип, "Барселона" италиялык "Интерди" утса, франциялык "ПСЖ" италиялык "Наполини" өз талаасында ута албай калды.
"Боруссия" (Германия) - "Атлетико Мадрид" (Испания)
Германиянын Дортмунд шаарындагы "Зигналь Идуна парк" стадионунда жергиликтүү "Боруссия" Испаниянын "Атлетико Мадрид" командасын кабыл алды. Беттештин 38-мүнөтүндө Аксель Витсель алыстан сокку узатып, эсеп санын ачты. 73-мүнөттө Рафаэл Геррейро Хакиминин чыгарып берүүсүнөн кийин гол жаратты. 83-мүнөттө Хакими Жейдон Санчого чыгарып берүү жасап, Санчо дарбазачыны алдап эсепти 3:0 кылды. 89-мүнөттө "Боруссия" Рафаэл Геррейронун голу менен эсепти 4:0 кылды. Бул беттеште "Атлетиконун" оюнчулары бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алышкан жок.
"Боруссия" - "Атлетико Мадрид" - 4:0
Голдор: Аксель Витсель (38-мүнөттө), Рафаэл Геррейро (73, 89-мүнөттөрдө), Жейдон Санчо (83-мүнөттө).
"Барселона" (Испания) - "Интер" (Италия)
Испаниянын Барселона шаарындагы "Камп Ноу" стадионунда жергиликтүү команда италиялык "Интерди" кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө "Барселонанын" оюнчулары топко көбүрөөк ээлик кылып, атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жатты. 32-мүнөттө Рафа Алкантара Суарестин айып аянтчага узатылган чыгарып берүүсүнө биринчи болуп жетип, таамай сокку менен эсеп санын ачты. 83-мүнөттө Жорди Альба айырмаланып, эсеп санын 2:0 кылганга жетишти. Альба Ракитичтин чыгарып берүүсүнөн улам дарбазачы менен бетме-бет келип, соккусу менен гол киргизди.
"Барселона" - "Интер" - 2:0
Голдор: Рафа Алкантара (32-мүнөт), Жорди Альба (83-мүнөт).
ПСЖ (Франция) - Наполи (Италия)
Париж шаарындагы "Парк де Пренс" стадионунда жергиликтүү "ПСЖ" италиялык "Наполи" командасын кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө "Наполи" командасы Инсиньенин голу менен эсеп санын ачты. Италиялык команданын оюнчусу Мариу Риу 61-мүнөттө өз дарбазасына гол киргизип алып эсепти тең кылып койду. Мертенс 77-мүнөттө "ПСЖнын" дарбазасына гол киргизип эсепти 1:2 кылса, 90-мүнөттө Ди Мария айырмаланганга жетишип, беттеш 2:2 эсебинде аяктады.
ПСЖ - Наполи - 2:2
Голдор: Мариу Риу (61-мүнөттө, өз дарбазасына), Ди Мария (90-мүнөттө) - Инсинье (29-мүнөттө), Мертенс (77-мүнөттө).
"ПСВ" (Голландия) - "Тоттенхэм" (Англия) 2-2