Ош облусунун Ноокат районунда күрүч саткан соодагердин үйүнөн 1 миллион 700 миң сом акчасын уурдап кеткенге шектүүлөр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 1-сентябрда катталган.
"Акчаны ишкердин үйүнө кирип, анын сейфинен алып кетишкен. Ошол учурда ишкердин үйүндө эч ким болгон эмес. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.