Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 63 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Урмат Аматов катышууда.
Урмат Аматов жарым чейрек финалдын алкагында сербиялык Тамас Над менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Аматов 9 упай топтоп атаандашын утуп алды.
Муну менен Урмат Аматов чейрек финалга чыгып, анда болгариялык Николай Иванов менен украиналык Ленур Темировдун ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен кез келет.