Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Атабек Азисбеков атаандашын утуп чейрек финалга чыкты

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Атабек Азисбеков катышууда.

Атабек Азисбеков жарым чейрек финалда кытайлык Жунжи На менен кездешти. Беттештин 1-бөлүгүндө Азисбеков атаандашына ыкмаларды колдонуп 5 упай топтогон. 2-бөлүктө кытайлык балбан эсепти 5:1 кылып, андан соң ыкма колдонуп эсепти тең кылган. Беттештин жыйынтыгында эсеп саны 7:6 болуп, Атабек Азисбеков жеңүүчү аталды. Бул жыйынтык менен ал мелдештин чейрек финалына чыкты.

Чейрек финалда Азисбеков япониялык Юя Маета менен германиялык Роланд Шварцтын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан