Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Урмат Аматов чейрек финалда украиналык балбандан жеңилип калды

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 63 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Урмат Аматов катышты.

Урмат Аматов чейрек финалда украиналык Ленур Темиров менен беттешип, 1-бөлүктө 5:0 эсеби менен утуп жаткан, бирок 2-бөлүктө украиналык балбан 8 упай топтогонго жетишти. Натыйжада Аматов 5:8 эсебинде жеңилип калды. Муну менен украиналык балбан жарым финалга өтүп, эгерде финалга чейин жетсе, Аматов көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.

Жарым чейрек финалда Урмат Аматов сербиялык Тамас Над менен күрөшүп, 9:0 эсебинде утуп алган.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан