Атабек Азисбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда атаандашын ири эсепте утуп жарым финалга чыкты

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Атабек Азисбеков катышууда.

Атабек Азисбеков чейрек финалдын алкагында германиялык Роланд Шварц менен кез келди. Беттештин 1-бөлүгүндө Атабек Азисбеков мыкты ыкмаларды колдонуп, эсеп санын 7:0 кылган. Беттештин аягына 2 мүнөт калганда германиялык балбан 2 упай ала алса, Азисбеков дагы 1 упай алып жалпы 8:2 эсеби менен жеңишке жетти.

Буга чейин ал жарым чейрек финалда кытайлык Жунжи Наны 7:6 эсеби менен утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан