Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда атаандашына мүмкүнчүлүк бербей утуп жарым финалга аттанды

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Жоламан Шаршенбеков катышууда

Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда армениялык Норяр Хахоян менен кез келип, алгачкы секунддарда эле атаандашын көтөрүп чаап 4 упайга ээ болгон. Мындан улам Шаршенбеков бир нече жолу ыкма колдонуп жалпы 11:0 эсеби менен жеңишке жетти. Муну менен ал мелдештин жарым финалына чыкты.

Буга чейин Жоламан Шаршенбеков жарым чейрек финалдын алкагында түштүк кореялык Хи Донг Сонду 9:0 эсебинде утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан