Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 55 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Жоламан Шаршенбеков катышууда.
Жоламан Шаршенбеков жарым финалда түркиялык Озтүрк менен кез келип, 9:0 эсеби менен утуп алганга үлгүрдү. Бул жыйынтык менен кыргыз спортчу мелдештин финалына чыкты. Финалдык беттештер эртең, 26-октябрда орун алат.