Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Атабек Азисбеков утуп жатып, жеңишти тарттырып жиберди. Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 25-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча беттештер орун алууда. Анда 82 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Атабек Азисбеков катышууда.

Атабек Азисбеков жарым финалда венгриялык балбан менен кез келип, 1-бөлүктө 4:1 эсеби менен утуп жаткан. 2-бөлүктө венгриялык балбан эсеп санын 4:12ге айлантып жеңишти илип кетти. Муну менен венгриялык спортчу финалга чыкса, Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күрөшөт.
Финалдык беттештер эртең, 26-октябрда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан