Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн килем үстүнө Калы Сулайманов жана Амантур Исмаилов чыгат

Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш уланат. Бул күнү балбандар 3 салмак категориясында күрөшөт.

Анда Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Калы Сулайманов жана Амантур Исмаилов чыгып, алгачкы беттештерин 1/16 финалдын алкагында өткөрөт.

Калы Сулайманов 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, анын алгачкы атаандашы азербайжандык Мурад Маммадов болот.

Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын атаандашы грузиялык Шмаги Болквадзе болот.

1/16 финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Ошондой эле бүгүн Жоламан Шаршенбеков финалда алтын медаль үчүн жана Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekos2012
2018-10-26 10:17:16
Түшүнүксүз го..
Ошондой эле бүгүн Жоламан Шаршенбеков финалда алтын медаль үчүн жана Атабек Азисбеков коло медаль үчүн күч сынашат.

Жоламан Шаршенбеков, Урмат Аматов жанаАтабек Азисбеков чыгып, балбандарыбыз жарым чейрек финалдык баскычтан күрөшүп башташат.
0
baihan07kenjetaev
2018-10-26 10:55:34
Жарым чейрек эмес, бирөө бирге бирөөсү үчкө күрөшөтда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан