Бүгүн, 9-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор шаардын экс-мэри, депутат Нариман Түлеев боюнча кезектеги соттук отурум жүрүүдө. Анда козголгон кылмыш ишке байланыштуу протоколдор каралып, айыпталуучу Н.Түлеевдин суранычы менен мамлекеттик айыптоочулар 13-томдун 270-273-беттерин кайрадан окушту. Анда аталган томдун 1-бетинде 2008-жылдын 16-июнь күнү ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун Тышкы иштер министрлиги менен “Эксим банк” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу каты жазылган. Ал эми 2-бетте ушул эле күнү Каржы министрлигине жөнөтүлгөн катта “Эксим банк” менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү тууралуу жазылып, Кытайдан автобустарды алып келүү үчүн акча бөлүүнү сураган кат жазылганы белгилүү болду.