Ош. "Өзүнүн 8 жаштагы кызын зордуктап жүргөн" делген жаранга "кыйноо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Ошто 8 жашар кызын "зордуктап жүргөн" делген окуя боюнча кылмышка шектүү аялын буга чейин ур-токмокко алып жүргөнү далилденди. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан билдиришти.

"Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен жабырлануучунун (аялынын) денесине залал келтирилгени аныкталды. Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин (кыйноо) негизинде кылмыш иши козголду", - деп билдиришти милициядан.

Кылмышка шектелип кармалган жаран учурда убактылуу кармоочу жайда. Сурак учурунда буга чейин аялын ур-токмокко алып келгенин айтып берген. Ал аялын сабап келгендиги үчүн "аялым өч алуу максатында кызын зордуктады деген окуяны ойлоп чыгарды" деп айткан.

Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bazana
2018-10-26 13:25:36
Экспертизанын жыйынтыгы чыктыбы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан