Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жашар кыздын окуясы. Экспертизадан кыздын кыздык белгиси бар экени аныкталды

Ошто "өз атасы тарабынан зордукталды" делген 8 жаштагы кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, анын кыздык белгиси бар экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.

"Учурда дайындалган комплекстик соттук-медициналык экспертиза толук чыга элек. Алардын биринде өспүрүмдүн кыздык белгиси бузулбаганы белгилүү болду. Учурда кыз ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Аны менен дарыгерлер, психологдор иштеп жатат. Алардын чыгарган тыянагына ылайык, кызга атасы тарабынан ыплас аракеттер жасалганы же жасалбагандыгы аныкталат. Ал эми мыйзамдуу өкүлүнүн (апасынын) катышуусунда кыз суракка алынганда, апасынын айткандарын кайталаган. Ошол себептен улам ага комплекстүү экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы 2-3 күндүн ичинде чыгат", - деп маалымдашты милициядан.

Эске салсак, Ош шаарындагы "Ак жүрөк" кризистик борборуна 3 балалуу келин алып келинген. Келиндин 8 жаштагы кызы өз атасынан сексуалдык зордук-зомбулук көрүп жүргөнүн борбордун башчысы Дарика Асилбекова билдирген.

Ошто 8 жашар кыз атасы тарабынан зордукталганбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
talant87
2018-10-26 15:25:44
Ошондо экспертиза жакшы чыкса борбордун жетекчисине иш козголобу
+7
Kychtyy
2018-10-26 15:31:44
Аялы экоо эле уруша кетсе аялы кызын клдонуп жаман атты кылып атса керекда. Аялынын корсотмосу эле окшошбой аткан эле. Зордуктап атканда устунон чыгып анан бир жыл унчукбай жашаганын,качан кана озуно катуу кордук коруп чыдабай калганда кана айтканы бул созго ишениш кыйын. Эгер кызынын ордунда башка бир ойношу болгондо куйосун олтуруп эле салса керек эле. Тобо эгер далилденсе куйосунун куноосу аялын дагы чогу кесиш керек.
+11
nazgul20
2018-10-26 15:36:10
Ошондой эле болсунчу жаман болуп жаттым эле
+11
baisogur
2018-10-26 15:39:34
Катынын текшерип сурак алгыла бул да куйосуно очошуп потстава кылып отургузуп салам деген жаман ойдо болуп журбосун кудай сактасын .
+13
Shef87
2018-10-26 15:51:20
Митаам аял экен жалган жалаа менен арыз жазганга иш козгогула эми
+12
Benazir08
2018-10-26 15:58:28
Кыздын кыз белгиси болсо да жаман адатты жабыштырышты эми ал кызды ким алат келечекте каап ий
+8
Take_men
2018-10-26 16:04:21
Аялынын эле өч алам деп ойлоп чыгарганы окшойт
+3
taalay25
2018-10-26 18:22:30
Начар аял экенин белгиси бул дагы
+6
aiba.8327
2018-10-27 09:42:16
Аялын жоопко тартыш керек.....
+1
Stervashka
2018-10-27 14:40:29
Шылтоон менен куруп кал, айтканга башка нерсе табылбай калдыбы. Кызын ортого салып мээн менен сенин.
0
ksb
2018-10-27 18:24:58
Жалган жалаа үчүн жоопко тартыш керек энесин! Мээси айнып,эринен ушунтип өч алам деген го,ортодо кызына канча стресс болду
0
emirchik
2018-10-28 00:39:21
Кантип Эле Оз Атасы зордуктасын ушундай создорду уксам кандай адамдар ушул ишке барат деп тан кала берем 8 жашта кызы болсо значет эко жок дегенде 10 жылдан ашык жашагандыр Ошончо жашап билбейби куйосун не нормально экенин воще тушунуксуз го аялы очошуп эле куйосун каматайын деген ой болсо керек
+1
Miya
2018-10-30 19:02:32
Кыз болсо эле атасынын куноосу болбой калат беле? Ыплас аракеттеричи? Менимче сегиз жашар кызын чечинтирип Бир болмодо болгону уже подозрение! Тем более ичет экенин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан