Нариман Түлеев: "Кытайдан автобус сатып алуудагы мыйзам бузгандыгым боюнча 2 гана документ көрсөтсөңөр, акчасын деле төлөп берейин"
Бүгүн, 9-июлдагы соттук отурумда Бишкек шаарынын экс-мэри, депутат Нариман Түлеевге
карата “мэр болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө ири суммадагы
акчаны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган” деген айыптоого байланыштуу документтерди мамлекеттик айыптоочулар көрсөтөлү деп таппай калышты. Айыпталуучу Түлеев алардан “мен акчасын деле төлөп
берейин, мага тагылып жаткан айып боюнча 2 гана документти көрсөтүп
коюңуздарчы” деп суранды. Бирок документти таппай убакыт созулуп кеткендиктен, судья Аман Сариев мамлекеттик айыптоочулар документти
шашпай карап таап алуусу үчүн сот ишине 10 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.