SUPER TV: Майып эне: "Кызым бут кийими жок мектепке бара албай жатат"

Ар бир адамдын маңдайына ар башка тагдыр жазылат эмеспи. Ага моюн сунбоого эч кимдин кудурети жетпей турганы талашсыз. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 30 жаштагы Диларамкан Баатыркулова - 4 баланын апасы. Учурда үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде 1 бөлмөлүү батирди ижарага алып, жашап келет.

"Учурда 4 баламды карап үйдө отурам. Иштегенге ден соолугум жол бербейт. Майыптыгым үчүн 3 миң сом жөлөк пул алып, анын 2 миң сомун батирге төлөйбүз. Жолдошум 10 жылдан бери базарда араба түртүп иштечү. Бирок карыздарыбыз көбөйүп кеткендиктен аны төлөө үчүн Орусияга кетүүгө аргасыз болду. Менин да, жолдошумдун да жакын туугандары бар. Бирок эч ким жардам бергиси келбейт. Жакында эле кар жааганда 2-класста окуган кызым калың бут кийими жок сабакка бара албай калды", - деп көз жашын төктү ал.

Төмөндө Диларамкан Баатыркулованын тагдырын чагылдырган видеорепортажды көрө аласыздар. Ал эми жардам берүүнү каалагандар 0776 44-43-47 телефон номери аркылуу байланышса болот.

Майып эне: "Кызым бут кийими жок мектепке бара албай жатат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jasa
2018-10-26 12:19:37
Тел номерин деле жазып койсо жакшы болмок
0
Наргиза Талантбекова
2018-10-26 14:20:36
Жардам берүүнү каалагандар 0776 44-43-47 телефон номери аркылуу байланышса болот.
https://www.super.kg/kabar/news/250541/
0
Eldar6724
2018-10-26 18:12:04
Аха тушундум, ошондо ал торт баласы мн батирде жашайт, а жолок пул энеге пайыптыгы учун гана берилет, торт бала менин тушунугум боюнча оздорун оздору камсыз кылат, же кошунасы 3 этаж асабнягы бар, торт машынасы жана эки баласы бар, бир баласын пайып деп тигил эненин балдарына берилчуу жолок акчаны ташмат аялы экоо алат соз жок, бул жакта балдарына кийим кечек ала албай жатса соц. онуктуруу миниситир бири чет олкодо ичип тополон кылып журсо экинчиси мамлекеттин акчасына же мноол эненин
0
Eldar6724
2018-10-26 18:15:15
балдарынын бут кийимине делген акчаны ичип чачып журушот соз жок, кайсыл мамлекетте ушундай министирлер бар айткылачы, бир эле кыргызстанда, жаны министирлер ушул жолок акчаны кимдер алып жатканын козунорду кененреек ачык кара деерелем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан