Нарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү саат 07:51де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын районунун Казан-Куйган, Оттук айылдарында 3 баллга жана Кызыл-Жылдыз айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.