Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеши уланууда.
Анда Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Калы Сулайманов чыгып, 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Анын алгачкы атаандашы азербайжандык Мурад Маммадов болду. Беттештин жүрүшүндө Маммадов 8:1 эсебинде утуп жаткан болчу. Бирок Калы Сулайманов беттештин аягына 30 секунд калганда ыкма колдонуп көтөрүп чаап таза жеңиш менен утуп алганга жетишти.
Муну менен Калы Сулайманов мелдештин жарым чейрек финалына чыкты.