Ош облусунун Өзгөн шаарында унаа токтотуучу жайда таксисттер мушташа кетишти. Мындай маалыматты облустук милициядан тастыктады.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 26-октябрда саат 12:00 чамасында катталган.
Өзгөндөн Бишкекке каттаган таксилер токтоочу жайда эки таксист кардар талашып мушташып кетишкен. Биринчи таксисттин баласы атасына болушуп, экинчи таксистти сабап салган. Мындан улам токмоктолгон жаран кайра баласын чакырган. Ал келип атасын сабап койгон таксист менен анын баласын кайра сабаган. Таяк жеген жаран кайра 3 досун чакырып, ортодо чыккан мушташтан 1 аял жаракат алган.
"Мушташкандардын бардыгы Өзгөн РИИБине алып келинип, сурак берип жатышат. Алар бири-бирине карата арыз жазышты. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматкери.