Бүгүн, 26-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеши уланууда.
Анда Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Калы Сулайманов чыгып, 60 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Ал жарым чейрек финалдын алкагында эквадордук Роберто Монтано менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Калы Сулайманов 8 упай топтой алып, атаандашын мөөнөттөн мурда утуп алды. Муну менен кыргыз балбаны мелдештин чейрек финалына чыкты. Анда ал казакстандык Айдос Султангали менен кез келет.
Буга чейин Сулайманов алгачкы беттеште азербайжандык Мурад Маммадовду таза жеңиш менен утуп алган.