Футбол боюнча улуттук курамдын оюнчусу Даниэл Тэго бангладештик клубга өттү

Кыргыздын футбол боюнча улуттук курамасынын оюнчусу Даниэл Тэго бангладештик клубга өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Даниэл Тэго Бангладеш чемпиондугунун Жогорку Лигасында ойногон "Читтагонг Абахани" клубуна өттү. Аталган клуб менен Тэго 1 жылдык келишим түздү. Өткөн футболдук сезондо "Читтагонг Абахани" клубу өлкө чемпионатында 3-орунду алып, коло медаль тагынган.

Даниэл Тэго буга чейин Бишкектин "Дордой" клубунда ойноп келген. Ал Кыргыз өлкөсүнүн чемпионатын 6 жолу, кубогун 4 жолу жеңип алган. Ошондой эле 2009-жылы "өлкөнүн мыкты футболчусу" наамын жеңип алган.

Тэго кыргыз жарандыгын алып, 2014-жылдан бери футбол боюнча улуттук курама командада ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulnyr19
2018-10-26 21:53:32
Бангладешке кетсе аялы калабы ошондо Кыргызстанда
+1
Salaf
2018-10-26 23:53:29
Gulnyr19, жогай, аялын кантип таштамак эле прикинь)).
+1
AIA-TOO
2018-10-26 23:55:49
Gulnyr19, барып дааватка чыгатта эми.
0
Shaa-82
2018-10-27 10:35:44
Бул жанагы куйоо балабы? Кыргызстан эле алып калса болмокда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан