Бажы кызматкерлери Кытайдан контрабандалык жол менен кийим алып келе жаткандарды колго түшүрүштү
Бажы кызматкерлери 2-июлда Кытайдан Кыргызстанга контрабандалык жол менен кийим алып келе жаткандарды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаадагы товарларды түшүрүү учурунда тиешелүү документи жок 18 пальто чыккан. Иликтөө иштери башталып, кармалган товар тийиштүү органга өткөрүлүп берилди.