Венгрияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргой турчу балбандар Кайрат Түгөлбаев жана Бексултан Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 2 спортчу тең бүгүн, 27-октябрда беттешке чыгат.
Кайрат Түгөлбаев 77 килограммга чейинки салмак ченинде индиялык Сингх Гурприт менен күрөшүүдөн баштайт. Ал эми Бексултан Махмудов 97 килограммга чейинки салмак ченинде алгачкы беттешин орусиялык Муса Евлоев менен өткөрмөкчү.