Буга чейин социалдык тармактарда 19-октябрда Таласта өтүп жаткан футзал боюнча Өлкө чемпиондугунда "Фарватер" жана "Жаш-Муун" командаларынын беттешин токтотуп, оюн талаасына чыгып сөз сүйлөгөн өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана шаардык кеңештин спикери Мирлан Эсенкулов сынга кабылышкан.
Ал эми бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы аталган беттештин калыстары Надыр Анарбеков, Элдияр Келдибеков, ошондой эле беттештин комиссары Калмамат Чыныбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берип, жүрүп жаткан оюнду токтоткондугу үчүн жазаланганын билдиришти.
"Фарватер" жана "Жаш-Муун" командаларынын беттеши болуп, оюндун 10-мүнөтү жүрүп жаткан мезгилде аны токтотуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө сөз берип, регламентти бузгандыгы үчүн калыстар жана комиссар 1 айга оюндан четтетилди. Ошондой эле ар бирине 2 миң сомдон айып салуу чечилди", - деп билдирет федерациянын басма сөз кызматы.
Мындай чечим 26-октябрда Футбол федерациясынын дисциплинардык комитетинде өткөн жыйында кабыл алынган.