"Кадамжай унаа жолу" көзөмөл өткөрүү жайынан тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"27 жаштагы Өзбек жараны көзөмөл-өткөрүү учурунда 24 жаштагы Д.Т. аттуу жарандын паспортун көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери паспорттогу адам башка экенин аныктап, аны суракка алган. Ал сурак учурунда документтерин байкабай алмаштырып алганын айткан. Бирок жыйынтыгында тууганынын паспорту аркылуу чек арадан өтүүгө аракет кылганын моюнуна алган", - дейт маалымат кызматы.
Кармалган Өзбек жараны ИИМдин тиешелүү аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.