Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Кайрат Түгөлбаев жана Бексултан Махмудов коло байге үчүн күч сынашат

Бүгүн, 28-октябрда Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбандары Кайрат Түгөлбаев жана Бексултан Махмудов коло байге үчүн күч сынашат.

Кайрат Түгөлбаев 77 килограммга чейинки салмак ченинде өзүнүн алгачкы атаандашы индиялык Сингх Гурпритти мөөнөтүнөн мурда 9:0 эсебинде жеңип алган. Экинчи беттеште ал орусиялык Александр Чехирин менен кез келип утулуп калган. Орусиялык спортчу финалга чыкканына байланыштуу Түгөлбаев 3-орун үчүн израилдик Егор Петриснин менен беттешет.

97 килограммга чейинки салмак ченинде килем үстүнө чыккан Бексултан Махмудов өзүнүн алгачкы атаандашы орусиялык Муса Евлоевге 4:1 эсебинде утулуп калган. Евлоев финалга чыгып эми Махмудов 3-орун болгон үчүн биринчи беттешти ирандык Махди Аббас Алияриф менен өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Karasuu27
2018-10-28 12:28:53
Акжол Махмудов жонундо кабарлап койгула.Барган эмесби ЧМ БУДАПЕШТ 2018ге
0
erjigit-e.15
2018-10-28 13:54:02
Балбандар медаль менен кайтышынарга тилектешпиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан