Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын Талас шаарындагы Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы М.Бейшекеев маалымдады. Айтымында, жер титирөө бүгүн, 9-июлда саат 13:40та болду. Анын очогу Талас районундагы Чат-Базар айылынан түштүктү карай 30 чакырым алыстыкта орун алып, күчү Талас Ала-Тоолорунда 3,5-4 балл, аталган райондун Ак-Сай айыл аймагында 2 баллга жетти. “Бактыга жараша, жер титирөө болгон аймактардагы жашоочуларга жана турак үйлөргө эч кандай зыян келген жок”,- деп кошумчалады ал.