Футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курамасы Өзбек курамасы менен беттешет

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабынын алкагында Кыргыз курама командасы Өзбек курамасы менен тайпадагы биринчи орун үчүн беттешет.

Төрт турдун жыйынтыгында 2 кураманын капчыктарында 9 упайдан бар. Муну менен 2 курама команда тең биринчи орунда турат.

Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.

Беттеш бүгүн саат 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кирүү акысыз.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erjigit-e.15
2018-10-28 13:51:18
Кыздар Ийгилик каалайм.
0
Bayastankyrgyz
2018-10-28 16:36:06
Эмнеге болгон жок
0
erjigit-e.15
2018-10-28 20:45:50
Оюндун жыйынтыгы кандай болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан