Футбол боюнча Испания чемпиондугу: "Барселона" клубу "Реал Мадридди" 5:1 эсебинде жеңип алды

Бүгүн, 28-октябрда Испания чемпиондугунун 10-турунун алкагында "Барселона" - "Реал Мадрид" беттеши болуп өттү.

Аталган беттеш "Камп Ноу" стадионунда орун алып, анда "Барселона" футболдук клубу жеңишке жетти.

Оюндун 11-мүнөтүндө талаа ээлеринин жарым коргоочусу Филиппе Коутиньо айырмаланып эсеп санын ачса, оюндун 30-мүнөтүндө 2-голду Луис Суарес киргизе алды.

Ал эми беттештин 2-бөлүгүндө Марсело өз командасы үчүн алгачкы голду киргизе алды. Бирок "Реалдын" бир голуна "Барселона" Суарестин 2 голу жана оюндун 88-мүнөтүндө кирген Артуро Видальдын 1 голу менен жооп кайтарды.

Жыйынтыгында "Барселона" футболдук клубу 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Айта кетсек, аталган беттеште акыркы 11 жылда алгачкы жолу Криштиану Роналду жана Лионель Месси катышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Frunze2
2018-10-29 00:00:03
Реал очуптур го... Зидан менен Роналдунун орду билинип жатат.....

Эч болбосо Моуриньо болсочу.....
+6
Ali-han
2018-10-29 00:03:41
Реалга боорум ачып кетти.
Роналдо кайтып келчииииииииии
+2
barsa30
2018-10-29 00:04:52
Албетте реал 2 защитнигин алып койсо Варан м.н Марселону. Жок дегенде Марселонун ордуна башка защитник койсо болмок. Барса куттуктайм жеңишин менен!!
-1
arawan
2018-10-29 00:05:40
рон менен зиданды кетирип перес эмне тапты ла лигада 9 орунга тушуп калды рон болсо серия А да бомбардир болуп журот рон кеткенде бейл озум эле жайлайм дегендей кылды эле легенда роналду жок реал деген ат очкондой
0
Maks_shop
2018-10-29 00:32:39
Барса дейт бизди
-1
Ali-han
2018-10-29 00:44:46
Maks_shop,Силерди барса десе бизди азыр Ювентус деп калышкан!
+1
Boha1
2018-10-29 08:59:45
Ali-han, Дарак бир жерден көгөрөт дейт. Мессидей туруктуу болуп бир клубда ойнош керек эле. Ар кайсы жака сатылбай. Барса алга!
+3
Maks_shop
2018-10-29 15:20:44
Ali-han,Биз силерге окшоп ойунчу сатылса кошо ал клубка отпойбуз журокто бир клуб
0
warcaw
2018-10-29 03:40:59
Катын алмаштырсаң алмаштыр бирок, команданы алмаштырба деген сөз бар фанаттарда...
Барсамандар куттуктайм.
+4
Nestana95
2018-10-29 03:50:27
Эхх,баары алдыда
0
kyialreal
2018-10-29 05:31:16
Зидан менен Роналдунун каргышы урду.
Роналду Хамес Озил Ковачич Пепе Ди Мария эхх кандай оюнчулар эле э . Перез кылды баарын. Акыркы тренерди Дордойгода албайт элем
+3
rysik79
2018-10-29 08:05:55
Топ тоголок.
-1
odin-takoy
2018-10-29 08:14:20
Месси болгондо 20:0 болот эле озу качан акыркы жолу женди эле. Как будто роналдо барда женилбей жургонсуп жазыпсынарго. Зидан менен роналдо барда деле женип жургон барса жене берет имменно реалдан мындай кетиште такыр женийбейт рон болгондо езет эле деп.
+4
Boha1
2018-10-29 09:02:50
Барселонаны куттуктайм. Месси болгондо мындан да көп гол кирмек.
+2
Dembele84
2018-10-29 18:59:59
Ит жугурук кылып,талтандатып жаман кыйнады го,боорум ооруп кетти женилген маскарапоз командага)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан