Бишкекте 31 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон 2 күндөн бери дайынсыз болууда

Бишкекте Гүлмира Ташпулатова аттуу келин 2 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу изделип жаткан келиндин жолдошу Закир Аманбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жубайы 27-октябрь күнү саат 16:00 чамасында Бишкектеги Жон-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

"Жубайым төрөттөн кийин өзүнөн өзү эле эсин жоготуп коюп жаткан. Бирок дем салдыргандан кийин жакшы болуп бараткан. Ал үчүнчү балабызды июль айында төрөгөн. Үч балабыз бар. Жубайым менин телефон номеримди жатка билчү. Эки күндөн бери издеп жатабыз, бирок андан дайын жок. Милиция кызматкерлерине кабар бердим. Үйдө баламды кайненем карап жатат. Сүрөттөгү жубайымды көрүп-билгендер болсо байланышып коюуну өтүнөм", - деп билдирет жолдошу Аманбаев.

Байланыш телефондору: 0 (505) 522 272; 0 (778) 483 852; 0 (550) 425 251; 0 (555) 522 272.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zevs
2018-10-29 09:45:46
Kaydasyn degen bir bet ele achyp koyuw kerek bolup jaldy okwoyt
+11
kechirmeni
2018-10-29 10:04:46
Жакындарынын бактысына бар болсун, аман эсен кайрылып келсин!!!
+11
Benazir08
2018-10-29 10:22:26
Ииий бул тороттон кийин депрессияга учураптыр да ан турмуштан жадап пул коп берет десе Сирияга кетип калган жокпу? Кебетеси да ошондой корунот экен.... Табылса кантип тынч жашап каласынар кызгануу уруу согуу башка баары башталат да эми. Озбек окшойт бул
-16
Almaz_kg
2018-10-30 22:40:08
Сенин ичинде ит олуп калган окшойт
0
Frunze2
2018-10-29 10:32:08
Эсин жоготуп жатса врачтарга корсотсо болбойбу куйоосу, дем салдырып тим болбой...

Диний фанаттар врачка барышпайт, кыйналып катуу ооруп жатса да дем салдырып отура беришет.....
-5
kechirmeni
2018-10-29 11:57:57
Тообы кылдым биздикилер табылып калсын дегендин ордуна ар кандай жаман нерселерге божомолдошот, бироолору сразу Сирияга "жонотушот". Келгиле, жакшы кумон кылып, аман эсен табылып калсын дейли
+11
momun74
2018-10-29 12:17:00
Ии байкуш кара басты деп коет мындайды жаны торогон аялды 40кунго чейин карангыга чыгарбай уйдо жалгыз калтырбаш керек. Табылып калсын аман эсен болуп.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан