Бүгүн Ош шаарында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталат. Оюндун башында Бишкек шаары менен Чүй облусунун курама командалары кез келет

Бүгүн Ош шаарында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча Өлкө чемпиондугу өткөрүлөт.

Көк бөрү боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 9 команда катышат.

Кечээ, 28-октябрда өткөн чүчү кулак аземинде 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн.

"А" тайпасы:

Чүй облусу;

Бишкек шаары;

Ош шаары.

"В" тайпасы:

Ош облусу:

Жалал-Абад облусу;

Нарын облусу;

"С" тайпасы:

Талас облусу;

Баткен облусу;

Ысык-Көл облусу.

Бүгүн саат 10:00дө чемпиондуктун алгачкы оюнунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун курама командалары кез келет.

Оюндардын жүгүртмөсү:

29-октябрь.

Саат 10:00дөн 11:30га чейин Чүй облусу - Бишкек шаары;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин Ош облусу - Жалал-Абад облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин Талас облусу - Баткен облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-10-29 10:17:05
Чуй утат
0
tular
2018-10-29 10:18:26
Андан кийин Ош утат
0
tular
2018-10-29 10:19:26
Учунчу оюнда Талас утат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан