Пенсия, жөлөк пул, "сүйүнчү пул" тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен маек

Акыркы учурда өкмөттүн социалдык блогу боюнча сын-пикирлер көп айтылууда. Алсак, жыл башында жөлөк пул боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, "сүйүнчү пул" өз убагында берилбей жатканы сөз болгон. Ошону менен катар эле калк арасында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытованын пенсияны чогултуп чет мамлекетке саякаттаса болот деген пикири да сынга алынган. Ушул жана башка суроолорго социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берди.

- Жакында эле Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Айрымдар анын бул тармакта тажрыйбасы жок экенин айтышууда. Сиз буга кошуласызбы?

- Биринчиден, Улукбек Кочкоров - кесиби боюнча финансист. Бул тармакты жетектөө үчүн финансист керек. Анткени бул мекеме - бюджеттен көп акча бөлүнгөн министрликтердин бири. Акчаны туура пайдаланып, ошол ар бир муктаж болгон адамдарга каражат жетсин десек бул тармакты финансист жетектөөсү шарт. Экинчиден, Улукбек Тойчиевич Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон. Депутатка эл социалдык маселелер боюнча кайрылышат. 5 жыл аралыгында ал социалдык маселелер боюнча бир топ тажрыйба алган. Үчүнчүдөн, министр кызматы саясий фигура болуп саналат. Кочкоров болсо бир дагы партияга тиешеси жок. Жогорку Кеңеште отурган партиялардын арасында аны колдогон киши жок. Ошондой эле Кочкоровдун адамгерчилик сапаттарын дагы эске алышыбыз керек. Маданияттуу, токтоо мүнөз деп угуп жатабыз. Менин оюмча, ал ар бир чечимди, кадамды терең ойлонуп кабыл алат. Министрдин 3 орун басары жана статс-катчысы болот. Бир орун басары эмгек маселелерин тейлесе, башкасы мамлекеттик жөлөк пул саясатын аныктайт. Дагы бир орун басары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана кары адамдар менен иш алып барат. Ал эми статс-катчы жалпы каржылык жана кадрдык маселелерди алып барат. Улукбек Кочкоровго 4 жактан жардам болот деп ишенем. Жаңы министрдин 3 жаңы орун басары жакынкы күндөрү дайындалат. Бул министрлик мурда кетирген каталарды эске алып иш алып барышы зарыл.

- Министрдин орун басарлыгынан кеткен Лунара Мамытованын пенсия тууралуу жазган посту коомчулук тарабынан сынга алынган эле. Сиз кандай ойлойсуз, пенсиянын көлөмү саякаттоого чогултууга жетеби?

- Лунара Улукбековна менен сүйлөшкөндө ал мага өзүнүн негизги оюн жеткиргенге аракет кылган. Ал пенсионерлер пенсиясын чогултуп чет мамлекетке барат дегенден алыс экенин айткан. Ал болгону элди үгүттөп, чет мамлекетке чыгалы деген оюн айткысы келгенин билдирген. Лунара Улукбековнанын жазган посту сынга кабылган. Ал дагы оюн туура жеткире албаганы үчүн өкүнүп калды деп ойлоп жатам.

Биздин ата-энелерибиз өмүр бою заводдо иштеп, алган пенсиялары аз. Балдары тарабынан жардам болбосо пенсия менен жашай алмак эмес. Ошону эске алып өкмөт өзүнүн саясатында пенсияны жылдан жылга көтөргөнгө аракет кылып жатат. Ошону менен катар эле көп балдарыбыз аныкталбаган жумуш менен алек болуп жатат. Алардын иштери расмий түрдө көрсөтүлбөй келүүдө. Ошондуктан биз пенсия боюнча көп жумуштарды алып барууга аракет кылып жатабыз. Жаш жарандар патент менен иштесе камсыздандыруу полис аркылуу каражат которуп турса келечеги үчүн жакшы болмок.

- Чет мамлекетте иштеп жаткан мигранттар кантип пенсияга чыгат?

- Түштүк Корея менен эки тараптуу келишим бар. Ал жерде Кыргыз жараны расмий түрдө иштесе мамлекетке кайтып келгенде, алардын пенсиясы Түштүк Корея өкмөтүнөн бул жакка жөнөтүлөт. Жаңылбасам Түркия мамлекети менен дагы ошондой келишим бар. Ал эми Кыргыз мигранттары Орусиянын мекемелеринде расмий түрдө иштеп жатса аларга дагы пенсия чегерүү каралган. Дагы бир чоң көйгөй бул Орусияда мигранттардын кээ бирлери расмий иштешпейт. Ошондуктан биздин жарандар чет мамлекетте иштегенге кетердин алдында юридикалык жактан консультация алуусу шарт. Алар чет мамлекетте өзүнүн укугун коргой ала турган деңгээлде болушу керек.

- Депутат Момбеков 40 жыл иштеген мугалимдерге салыштырмалуу 18 жыл иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлери көп пенсия ала турганын айтты эле. Ушул туурабы?

- Мугалимдердин пенсиясы эмнеге аз болуп жатат? Анткени алар өмүр бою аз айлык алып иштеп келген. Ал эми укук коргоо органдарында иштегендер аз убакыт иштешет. Алардын бир күн иштегени эки күнгө тете болуп эсептелет. Алар 45 жашынан пенсияга эрте чыгышат. Укук коргоо органдарында иштегендердин айлыгы мугалимдердин айлыгына салыштырмалуу көп. Ошондуктан алардын пенсиясы көп болууда. Пенсияга чыкканда мугалимдер менен дарыгерлердин кайсы бир категорияларына коэффициент кошулуп, жок дегенде айлыгынан кем эмес пенсияга чыкса деген сунуш каралууда. Канча каражат талап кылынат жана башка маселе боюнча иштеп чыгуу абзел.

- Жөлөк пул берүү боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдүн кандай кемчиликтери болуп жатат? Алар боюнча кандай иштер жүрүүдө?

- Ал жерде кемчиликтер жок. Бул мыйзам жакшыртуу максатында жазылган, бирок азыр сын-пикирлер айтылып жатат. Мурун өзүңүздөргө маалым болгондой, жалпы балдар жөлөк пул алсын деген сунуш болгон. Бүгүнкү күнү мыйзам түрүндө башкача болуп калган. Бир үй-бүлөнүн кирешесин эсептегенде ар бир мүчөгө бөлүнгөн каражат 900 сомдон кем болсо, ошол үй-бүлө жөлөк пулга муктаж болуп эсептелет. Бул "үй-бүлөгө көмөк" деп аталат. Жыл сайын алар кирешеси тууралуу маалымат берип турушу керек. Балким, экинчи жылы алардын жашоо-шарты оңолуп калат. Жөлөк пулга муктаж болгон үй-бүлөнү мурда айыл өкмөттөн аныкташчу. Бул дагы сын-пикирлерге алынган. Анткени айыл жеринде таанышчылык менен муктаждыгы жок үй-бүлөлөргө жөлөк пул берилип келгени айтылууда. Эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу берилет. Жөлөк пулга муктаж болгон жаран ошол министрликтин башкармалыгына келип арыз жазышы керек. Анан чындап муктаждыгы барбы же жокпу текшерилет. Кээ бир алыскы айылдагылар районго чыга албай жатканы чоң көйгөй болгондуктан, бул боюнча жакында буйрук чыкты. Министрлик бир жумада ар бир айылга барып кабылдоо өткөрөт. Жөлөк пул берүүдөн баш тартылган ар бир жумуш боюнча мониторинг кылып текшеребиз. Баш тартуу негиздүү болуусу шарт. Эгерде муктаж адамга жөлөк пул берүүдөн баш тартылса, кызматкерлер жооптуу болот. Бюджетибиз жакшы болсо ар бир төрөлгөн ымыркайга сүйүнчүдөн тартып, жөлөк пул берилмек. Бирок мүмкүнчүлүккө карап даректүүлүк менен берилип жатат.

- Бала төрөлгөндө берилүүчү “сүйүнчү пул” убагында элди нааразы кылбай берилип жатабы?

- Апрель айында жаңы өкмөт келгенде “сүйүнчү пул” кандай эрежелер менен берилип жатканы боюнча чогулуш өткөргөнбүз. Жаран сүйүнчү пул алуу үчүн арыз жазып, Каржы министрлиги каражат бөлүп бергенче 2-3 ай өтүп кетчү. Ошол эле күнү “сүйүнчү пул” эки күндө берилиши керек деген тапшырма бергем. Анткени мен үчүн бул маселе оңой чечиле тургандай көрүнгөн. Бир жолу бериле турган сүйүнчүгө жети атасына чейин аныктоонун кереги жок экенин айткам. Алдын ала болжолдуу түрдө төрөлө турган балдардын санына ылайык, квартал сайын каражатты Каржы министрлигинен алып туруу тапшырылган. Бүгүнкү күндө сүйүнчү пулду берүүнү 7 күнгө узартып жатышат. Бирок 7 күндөн кечиктирилбей турганы айтылды. Бул өтө кыйынчылыкка айланып жатат. “Сүйүнчү пулду” күбөлүк менен бирге берүүгө аракет кылып жатабыз. Мамлекеттик каттоо кызматы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине тапшырма берилип, 21-кылымда кагаз түрүндө иш алып баруу туура эмес экени айтылды.

- Сиздин вице-премьер кызматына келгениңизге жарым жылдан ашып калды. Бул 6 айда социалдык блокто кандай маселелер тез аранын ичинде чечилиши керек деп иргеп алдыңыз? Алардын кайсы бири чечилди жана кайсы бири жакын арада чечилет?

- Социалдык тармак - негизи фундаменталдуу. Бул тармакта эң чоң 3 чөйрө бар. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо тармагы. Мындан сырткары маданият, спорт, жаштар, диний маселе кирет.

Саламаттыкты сактоо тармагында ден соолукту коргоого алган өкмөттүн программасы иштелип чыкты. Бул программа бекитилсе өкмөттүн токтому менен ишке ашат. Эң негизги максат - оорулардын алдын алуу болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча адамдын ден соолугунун 5 пайызы гана саламаттыкты сактоодон көз каранды. Ал эми калганы өзүбүздөн көз каранды.

Саламаттыкты сактоо көйгөйү бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигине тийиштүү эмес. Экономика министрлиги ошол эле тамеки, арак, зыян алып келе турган нерселерге акциздерди көтөрүү боюнча долбоор иштеп чыгышы керек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги унду байытууну күчөтүшү керек. Унду байытуу боюнча мыйзам бар. Тилекке каршы, бул мыйзам сакталбай жатат. Казакстандан келген ун байытылган жок. Бизде чыгарылып жаткан ун болсо жарым-жартылай байытылып жатат. Аны текшерүүчү органдарды биз жыйын өткөрүп ушул мыйзамдын аткарылышына катуу көзөмөл кылгыла деп тапшырма бердик. Ошондой эле Каржы министрлиги керектүү көлөмдөгү акчаны өз убагында карап бериши керек.

Социалдык коргоо маселесин тууралуу айта турган болсок, көп жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча конвенция ратификациядан өтпөй келет. 2011-жылы Кыргыз мамлекети эл аралык демилге менен конвенцияга кошулган. Бирок ратификациядан өткөн эмес. Өтө көп акча талап кылынат деп жылдан жылга созулуп келе жаткан. Бүгүнкү күнү 150 миңден ашык адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Учурда бул конвенция суудай керек болуп турат. Конвенция Жогорку Кеңешке ратификацияга жөнөтүлдү. Кабыл алынса бир топ жеңилдиктер болот деп ишенем. Ошону менен катар эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге айлык маяна төлөп берүү маселеси көп жылдан бери айтылып гана келип ишке ашкан эмес. I топтогу ден соолугунун чектелген, мээнин шал оорусунан жабыркаган (ДЦП) балдарды атайын комиссиянын корутундусу менен аныкталат. Андан соң аларды караган ата-энелерге айлык берилет.

Билим берүү тармагында дагы маселелер көп. Эң негизгиси бул кооптуу абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарыл. Ошондой эле азыркы тапта мектептеги окуу китептеринде кеткен каталар аябай талкуу болуп жатат. Бул өтө көйгөйлүү маселе. Анткени буга чейин башка мамлекеттерден гуманитардык жардам катары, СССР убагынан бери калган китептер менен пайдаланып келгенбиз. Акыркы 15 жылдан тартып Дүйнөлүк банктын жардамы менен 4 сабактан кыргыз тилинен, англис тилинен, география, табият таануу сабактарынан Кыргыз мамлекеттеринин авторлорунун китептери чыгып жатат. Балким, бир аз катачылыктар кетип калгандыр, бул маселенин үстүндө иш жүрүп жатат. Билим берүү тармагына бүгүнкү күнү жакшы көңүл бурушубуз керек. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Окуучулар милдеттүү түрдө 11 жыл окушу зарыл. Мурун 9-класстан кийин балдардын кээ бири техникум, айрымдары училищеге кетип калчу. Бүгүн деле ошол систем бар, бирок 2002-жылдан бери 9-класстан кийин каалабагандар окубай коёт экен. Эми балдар 9-класстан кийин мектепте, техникумда же кесиптик лицейде окуусун милдеттүү түрдө улантат.

Маданият тармагына театрлар, киностудиялар, китепканалар кирет. Акыркы жылдары биз балдарга искусствого болгон мамилени туура багытта көрсөтпөй жатабыз. Өлкөдө 1 050 китепкана бош турат. Китеп окуган киши жок болуп жатат. Анткени балдар интернет колдонушат. Биз бүгүн китепканаларды башкача маданият борборуна айланталы деп иш-чараларды көрүп жатабыз. Кээ бир китепканалардын базаларында балдарга эрте өнүгүү программаларын киргизип, ошол жерге балдар борборун кылалы деп жатабыз. Бишкек шаарындагы Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын абалы өтө начар. 2019-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалууда. Мына бүгүнкү күндө өкмөт аталган иштердин үстүндө иштеп жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
momun74
2018-10-29 15:42:22
Суйунчу пулду жашаган жеринен алса болобу же мисалы паспорт бойунча башка обл жашаган жери Бишкек болсо?
0
Momyn12
2018-10-29 16:32:00
суйунчу пул провлемасы дагыделе провлемабы кыргызстанда
0
tashmatov.B
2018-10-30 10:45:10
Momyn12,сен не башка олконун адамы болгонсуп жазып атасында.же башка олконун жаранысынбы?
-1
momun74
2018-10-31 18:11:47
tashmatov.B, билбесен сурайсынбы татыктуу жообун жок болсо негатив жазбай отуп кете бер берекем
0
janna9286
2018-10-29 19:01:18
Соц адистерге суроом бар еле да
+1
tashmatov.B
2018-10-30 10:43:09
Nomun12 суйунчу пулдун проблемасы жок,керекту документтериги алпарсан берет
0
kumusya
2018-10-30 13:53:17
Суйунчу пул 2018-жылы гана туулган ар бир балага берилет деген чынбы?
0
Eli.91
2018-10-30 14:27:37
Супер Инфо Менин суроомду тийиштуу мекемелерге жеткирип койгулачы суранамын.куйоомдун 1 козу толугу менен корбойт,3-групада,козунун толлук корбой калышына 10 жылдай болуп калды,оор жумуш чанга жанада козуно куч келген жумуштарга жарабайт,иштейт бирок ал тирилике да жетбей калат,пенсия алат болгону 3000 мин сом,Алда кошулганда акча жарытып кошулбайт 200 сомдон кошулат экен,алдагынтип кошулуп олтурса эчнерсеге жарабай калатго?ушул маселенида жакшы карап жок дегенде жылына 500 сом кошуп турса
0
Eli.91
2018-10-30 14:33:14
Жакшы болмок?козу боюнча пенсияга документ туурлаган жерлерге барсак кайра бизди мазак кылып ал учун 2 козу да корбош керек ошондо гана 2 группага чыгат деп чыгарып коюшту,ОЗУ женилдер 3-групада болуу керек,куйоомдун 1 козу толлук корбойт 2 жолу оор аперетсия болгон козунон,2-чи групада болуу керек эле,балким жардам береттирсиздер 2 группага чыгуусуна?
0
Eli.91
2018-10-30 14:36:20
Супер инфо рахмат силерге,жооб берсенер жакшы болмок купияга.
0
admin_superstan
2018-10-30 15:37:01
Eli.91,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан