Кыргыз спортчусу грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону болду

Кыргыз спортчусу Мирлан Асеков Литванын Вильнюс шаарында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын грэпплинг федерациясынан кабарлады.

Мирлан Асеков 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешин чейрек финалда өткөрдү. Анда ал Түштүк Кореянын спортчусун утуп, жарым финалда орусиялык мушкерди жеңип алды. Финалдык беттеште Мирлан Асеков латвиялык спортчу менен кез келип, анын үстүнөн жеңишке жетти.

Муну менен ал Дүйнө чемпиону аталып, чемпиондук курдун ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Akylbek87
2018-10-29 15:06:35
Азаматсын!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан