Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Долон айылынын 22 жаштагы тургуну Кымбат Акылбек кызы 20 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Акылбек кызынын апасы Мира Кенжекараева SUPER.KG порталына кабарлады.
Кенжекараеванын айтымында, ал 10-октябрь күнү Долондогу үйүнөн Бишкек шаарына кеткен, бирок ошол бойдон дайынын билдирген эмес.
"Кымбат Бишкек шаарында тигүүчү болуп иштеп жүрчү. Турмушка чыгып, келишпестиктерден улам ажырашып кетишкен. Анын 9 айлык уулун мен багып жатам.
Кымбат 7-октябрь күнү үйгө келип, 3 күн жүрүп, 10-октябрда Бишкек шаарына кеткен. Ошол эле күнү кечке маал Түптүн борборундагы автобекеттен чоң атасына жолугуп, "унаа чыкты, Бишкекке кетип жатам" деп айткан.
Кечинде саат 22:00дө телефон чалсам жооп берген эмес, эртеси кайра чалдым, аппараты өчүк болуп калды. 20-октябрда чоң атасы көз жумду, кызымдан болсо дайын жок.
Эмнени ойлоорумду да билбей турам, буга чейин такыр мындай болгон эмес. Күйөөсү менен эч кандай нааразычылыктары жок, сый мамиледе калышкан", - деди Кенжекараева.
Ошондой эле ал бул боюнча милицияга арыз жазганын кошумчалады.
Кымбат Акылбек кызын көргөн-билгендер болсо, апасы 0709 91 38 33 номерине кабарлап коюуну
өтүнөт.