Күрөш боюнча дүйнөнүн вице-чемпиону Жоламан Шаршенбеков мекенибизге кайтып келди

Бүгүн, 30-октябрда Венгрияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда катышкан кыргыз балбандары мекенибизге кайтып келди. Алардын арасында ийгилик жаратып, мелдеште күмүш медалын тагынган Жоламан Шаршенбеков болду. Спортчуларды "Манас" Эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты. Эл аралык деңгээлдеги, беделдүү мелдеште ийгиликке жеткен спортчуга жана Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаевге калпак кийгизилип чепкен жабылды.

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунда 55 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, кыйынчылыксыз, атаандаштарына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей финалга чыккан. Финалдык беттеште ал азербайжандык Эльдениз Азизли менен кез келип, 0:10 эсебинде жеңилип калган.

Бул жыйынтык менен Шаршенбеков күмүш медалдын ээси болуп, Дүйнө чемпиондуктарында медалга татыган 9 кыргыз спортчунун катарына кирди.

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков мекенине кайтып келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-10-30 19:59:43
Азаматсын Жоламан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан