Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугунда Ысык-Көлдүн улакчылары Баткендин тай казанына 23 улак таштады

Бүгүн, 30-октябрда Ош шаарынын "Төлөйкан" ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өтүүдө. Мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн бардык облустарынан келген 9 команда катышып жатат.

Өлкө биринчилигинин 2-мелдеш күнүнүн алгачкы беттешинде Бишкек шаарынын курама командасы Ош шаарынын курама командасын 6:4 эсеби менен утуп алса, 2-беттеште Жалал-Абад курамасы Нарын курамасын 10:1 эсебинде утуп алган. 3-беттеште Баткен облусунун курамасы Ысык-Көл облусунун улакчылары менен беттешип, бул беттеш дагы ири эсепте аяктады.

Беттештин 1-бөлүгүндө Ысык-Көл облусунун улакчылары 10:0 эсеби менен алдыга чыгып, 2-бөлүктүн аягында эсеп саны 18:1ге айланды. 3 бөлүктө Ысык-Көл командасынын оюнчулары атаандашынын тай казанына дагы 5 улак таштаса, Баткендин улакчылары 3 улак таштады. Муну менен беттеш 23:4 эсебинде Ысык-Көл облусунун жеңиши менен аяктады.

Бул беттеште Ысык-Көл облусунун курама командасынан 6 улакты Акбар Иманбеков, 5 улакты Жаныбек Курманбек уулу, 4 улакты Урмат Абдыш уулу, 2 улактан Азим Болот уулу, Бекзат Асанов, Тилек Айып уулу жана 1 улактан Бек Эрмек уулу жана Кайырбек Ишенбеков салышты. Ал эми Баткен курама командасынан 2 улакты Мыктыбек Миңбаев жана 1 улактан Эламан Минбаев менен Манас Эралидин уулу салышты.

30-октябрда өткөн оюндардын жыйынтыгы:

Бишкек шаары 6:4 Ош шаары;

Жалал-Абад облусу 10:1 Нарын облусу;

Баткен облусу 4:23 Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан