Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу: Бүгүн Ош облусунун курамасы Нарын командасы менен беттешет

Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу өткөрүлүүдө.

Бүгүн, 31-октябрда мелдештин 3-күнүндө 6 курама команда ат майданына чыгып, күч сынашат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

31-октябрь.

Саат 10:00дөн 11:30га чейин - Чүй облусу - Ош шаары;

Саат 11:30дан 13:00гө чейин - Ош облусу - Нарын облусу;

Саат 13:00дөн 14:40ка чейин - Талас облусу - Ысык-Көл облусу.

Эскерте кетсек, 9 команда чүчү кулак аземинде 3 тайпага бөлүнгөн. Финалдык баскычка 1-орунду ээлеген 3 команда жана башкаларга салыштырмалуу эң көп упай топтогон 2-орунду ээлеген 1 курама өтөт.

"А" тайпасы:

Чүй облусу;

Бишкек шаары;

Ош шаары.

"В" тайпасы:

Ош облусу:

Жалал-Абад облусу;

Нарын облусу;

"С" тайпасы:

Талас облусу;

Баткен облусу;

Ысык-Көл облусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан