Ноокат районунда алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз түрдө жасап жүргөн жашыруун жай табылды

Ош облусунун Ноокат районунда алкоголдук ичимдиктерди жасап жүргөн жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ч.Т. аттуу жаран өзүнүн үйүндө мыйзамсыз түрдө арак, коньяк жасап жүргөн. Текшерүү учурунда 1008 бөтөлкө арак, 14 бөтөлкө коньяк жана коньяк жасоочу 45 литр даяр продукция, 279 литр этил спирти, 86 даана коньякка түс берүүчү зат жана  3542 бөтөлкөнүн капкагы табылган. Ошондой эле салыкчылар 12 180 даана акциздик марка жана 10 000 даана этикетка табышкан. Бул иш боюнча материалдар жана алынган продукциялар УКМКнын Ноокат райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ulanbek1992
2013-07-10 14:00:36
Ноокатты айда жылда бир соз кылса, ошондо да жаман жагын..))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан