ЭЛДИК КАБАР: "Жарандардын санын 10 миллионго жеткирүү үчүн Бишкектеги Орозбеков-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак коюлушу керек" дейт окурман

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурмандан Бишкектин Орозбеков жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгы тууралуу билдирүү келген.

Окурмандын айтымында, аталган даректе күн сайын жол кырсыгы кайталанат.

"Өзүм ушул дарекке жакын жердеги курулуш каражаттары сатылуучу базарда иштейм. Күн сайын жумушка бара жатып Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгонун көрөм. Ал жердеги көчөлөр жаңы оңдолгондуктан унаалар катуу келип сүзүшүп алат. Буга жол чырактын жоктугу себеп болууда.

Сиздердин порталдан депутаттардын "Жарандарыбыздын санын 10 миллионго жеткириш керек" деген сөзүн окуп калдым эле. Элибиздин саны 10 миллионго жетиш үчүн, ушул сыяктуу кырсыктардын алдын алышыбыз керек да. Бул көчөлөрдүн кесилишине тез арада жол чырак коюлушун талап кылам", - дейт окурман.

Бул кабардын жообу төмөнкү шилтемеде:

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Күн сайын кырсык катталган Бишкектеги Щербаков-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишине бул жылы жол чырак коюлбайт

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pamirlan
2018-10-31 12:06:14
Ооба туура айтат.
0
Abdizhapar
2018-10-31 13:51:05
10 миллионго жеткириш учун ош бишкеке темир жол салыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан